15.01.2020 11:49

Кыргыз-таджик чек арасындагы жаңжал: Митингке чыккандар Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышууда

Кыргыз-таджик чек арасындагы жаңжал: Митингке чыккандар Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышууда

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин алдында митинг өттү. Ага Баткендин тургундары, жарандык активисттер катышышты.  

Каршылык акциясына чыккандар кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү жана Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган Көк-Таш айылынын төрт тургунун бошотуу менен бирге дагы төрт талап коюшту. Алар:

  • Президент чек ара маселесин көтөрүп жер-жерден келген жарандарды кабыл алсын;
  • Баткенде жалган жалаа менен кармалган төрт киши тез арада бошотулсун;
  • Чек арага жакын жашаган элди коргоо үчүн элдик кошуундар түзүлсүн;
  • Чек арачылар кошумча техника менен камсыздалып, саны көбөйтүлсүн;
  • Дагы бир талабыбыз - вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетсин.

Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

Кесепетинде, 10-январда караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан. 

Тажик тарапка Кыргызстандын ТИМи кезектеги нааразычылык нотасын тапшырган.