04.04.2018 10:26

Кыргыз-тажик чек арачылары уруш чыккан аймакты кайтаруу тартибин макулдашышты

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан кийин эки мамлекеттин чектеш жайгашкан айылдарынын жашоочуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Чатак кечээ, 3-апрелде Баткен районунун (Баткен облусу) Үч-Дөбө айылы жана Тажикстандын Исфара районунун Ходжа- Аъло айылынын  тургундарынын ортосунда чыккан. Үч-Дөбө айылынын тургуну тилкени  дубал менен тосууга аракет кылган. Айыл  мамлекеттик чек аранын талаш аймагында тургандыктан, ал жакта бардык чарбалык иштерди жүргүзүүгө тыюу  салынган болчу.

«Кыргызстандын жараны бул чектөөгө моюн сунган эмес. Анын өзүм билемдиги  Ходжа-Аъло  айылында жашаган тажик жарандарынын  нааразычылыгын туудурган.  Сөздөн-сөз чыгып,  эки өлкөнүн жарандары бири-бирине таш ыргытып башташкан.  Чатакташууга  баш-аягы 50гө жакын адам катышкан», -деп айтылат Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Уруш башталгандан жарым саат өтүп токтотулган. Соцтүйүндөрдө  чатактын тасмасы тарап кетти.  Анда эки тарап бири-бирине таш ыргытып жатканын көрүүгө болот.

Бул окуядан улам, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн  жолугушуусу болуп, анда мамлекеттик чек аранын аталган тилкесин кайтаруунун тартибин бекитишти. Учурда КР Мамлекеттик чек ара кызматы уруш чыккан аймакты кайтарууну күчөттү.  

Кыргызстан менен  Таджикистандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 971 чакырымды түзөт, анын  519 чакырымынын тагдыры чечиле элек. Эки мамлекеттин чек арасында 70ке жакын талаш  тилке бар.