03.05.2018 11:17

«Кыргызтелекомдун» төрагасы кызматтан алынды

«Кыргызтелекомдун» төрагасы кызматтан алынды

Марат Каратаев жана «Кыргызтелеком» ААК башкармалыгынын дагы 3 мүчөсү кызматтан алынды. Бул тууралуу маалыматты "Акчабар"  аталган компанияга шилтеме менен билдирди.  

Маалыматта, Каратаев менен бирге «Кыргызтелекомдогу» орду менен  вице-президенттер Мирлан Карабукаев, Жумамүдүн Жумалиев жана Аскар Исаковдор коштошкону айтылат.  

Ошондой эле, «Кыргызтелеком» ААКта жакын арада жетекчилик дагы алмашышы  мүмкүн экени божомолдонот.  

Акционерлердин жыл сайын өтүүчү чогулушунда жетекчилик "компания максатталган көрсөткүчтөн бир нечеге жогору болгон таза киреше менен чыкты" деп маалымат берген. Бирок, иш жүзүндө кирешелер бөлүгү боюнча план аткарылбагандыгы байкалып калган. 

«Акчабарга»  берген  маегинде төраганын мурунку орун басары Мирлан Карабукаев өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча кирешелердин төмөндөшү "Акылдуу шаар" жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун курулушу сыяктуу ири долбоорлордун ишке ашпай калышынан улам деп түшүндүргөн. 

Эске сала кетсек, Марат Каратаев «Кыргызтелеком» АКК төрагасы кызматына 2017-жылдын октябрында дайындалган.