Кубанычбек Кулматов дагы бир ай камакта болот
Биринчи Май райондук соту бүгүн, 24-октябрда Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карады. Жыйынтыгында сот аны камакта кармоо мөөнөтүн дагы бир айга узатты.
Эми Кулматов 20-ноябрга чейин тергөө абагында болот.
Буга чейин, 24-сентябрда Биринчи май райсотунда Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн узартуу каралып, мурунку калаа башчыны УКМКнын тергөө абагында 28-октябрга чейин кармап туруу чечими чыккан. Бул мөөнөт аягына чыгып баратканына байланыштуу, бүгүн кайра сот отуруму болду.
Кулматов быйылкы жылдын 5-июнунан тартып, УКМКнын тергөө абагында. Ага Бишкек мэри болуп турган кезде, 2 млн. доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган деген айып тагылууда. Бул каражат кытайлык TBEA компаниясы тарабынан аймактарга эки жаңы мектеп курууга берилген.
Кулматов «Калыс-Ордо» жаңы конушу мектепке муктаж деген шылтоо менен каражатты өкмөттүн бюджетинен мэриянын казынасына котортуп алган», - деп айыпталган.
Кулматов өзү акча мэрияга накталай түшпөгөнүн, кытайлык компания аны дароо куруучу компаниянын эсебине которгонун билдирген болчу.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: