14.06.2018 13:21

Кубанычбек Кулматовдун кылмыш ишинде кызык көрүнүштөр көп

КМК укуругуна илинген мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов абагынын кармоо шартына нараазы эмес, бирок ага тагылган айыпка караманча каршы. Анткени ал айыпталып жаткан мектептин курулушуна бөлүнгөн акчага көзөмөл кылуу укугу Кулматовдо жок болгон. Каражатты кимге карматышты грантты бөлгөн кытай тарап чечкен.