10.09.2018 14:36
Куткаруучулар кырсыкка кабылган франциялык туристке жардам көрсөтүштү
ӨКМ куткаруучулары кырсыкка кабылган франциялык туристке жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 2018-жылдын 7-сентябрь күнү саат 20:15 чамасында Алтын-Арашан капчыгайындагы Ала-Көл көлүнө жакын жерде 29 жаштагы А. Е. аттуу франциялык жаран кулап кетип, бутун сындырып алган.
Жабыркаган туристти алып келүү үчүн 8-сентябрь күнү саат 06:00дө КР ӨКМнин Каракол шаарындагы №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар тартылып, саат 18:00 чамасында алып түшүрүлүп, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда туристтин абалы канааттандырарлык.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: