24.04.2018 21:21

Күчтүү шамалдан Бишкектин жана Чүй облусунун айрым райондорунда жарык өчтү

  калаадагы катуу шамал (5 материалов)
Күчтүү шамалдан Бишкектин жана Чүй облусунун айрым райондорунда жарык өчтү

Күчтүү шамалдан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым райондору электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу маалыматты интернет колдонуучулар социалдык түйүндөрдө жана  «Дизель» форумунда калтырышууда. 

Ага караганда, саат 20:00дүн тегерегинде Сокулукта жана борбордогу  «Азия молл»соода борборунун аймагында жарык өчүрүлгөн.

Дагы бир колдонуучу «Дизелге»  Тыналииев  көчөсүндөгү  аллюминий курулуш тосмосу машинаны басып калганын билдирди. Унаанын айнектеринин баары чачырап кеткен.

Башка калаа тургуну Бөкөнбаев - Турусбекова көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн калып учуп кеткенин билдирди.  

20:31де  Советский-Бөкөнбаев көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр белгиси кулайын деп араң турганы тууралуу маалымдашты.