09.05.2019 17:11

Көчмө ашканалар, бийчилер жана концерт: Бишкекте Жениш күнү майрамдалууда

Көчмө ашканалар, бийчилер жана концерт: Бишкекте Жениш күнү майрамдалууда

Бишкектин Түштүк дарбазасындан башталган майрам Жеңиш аянтында уланууда. Майрамдык иш-чарага келген ардагерлерди жана конокторду ач курсак жөнөтүшкөн жок. Жеңиш аянтында дасторкон жайылып, жоокерлердин боткосу менен сыйлашты. Алыс эмес жерде жаштар Жеңиш бийине бийлешип, тургундар аскерий техникаларды жанынан гана көрбөстөн, үстүнө чыгып сүрөткө түшкөнгө чейин жетишишти.