10.05.2018 08:36

Көк бөрү боюнча таймашта "Достук" командасы жеңишке ээ болду

Көк бөрү боюнча таймашта "Достук" командасы жеңишке ээ болду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча таймашта Ош облусунан келген "Достук" командасы Таластын "Ынтымак" командасын 3:2 эсебинде жеңип, жогорку лиганын чемпиону аталды. Бул туурасында April.kg порталына КР Көк бөрү федерациясынын аткаруучу директору Султан Генсе билдирди. 

Анын айтымында, акыркы жылдары бул эки команда көк бөрү оюнунун алдыңкылары болуп келген. 2017-жылы жана 2018-жылы Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн беттештерде "Ынтымак" командасы "Достукту" 8:7 жана 2:1 эсеби менен жеңип алган. 

Жеңиш күнүнө арналып, Чолпон-Атада өткөн оюн эки лига менен өттү. Биринчи лигада жеңиш Чүй облусунун "Сары Өзөн" командасына ыйгарылган.