10.05.2018 12:35

Манас проспектисиндеги ремонтко байланыштуу маршруттук каттамдардын багыты өзгөрдү

Манас проспектисинин Чүй кең көчөсүнөн Жибек Жолуна чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу, коомдук транспорттун жүрүү багыты өзгөртүлдү.

№ 111, 134, 137, 212 маршруттук таксилер  Чүй проспектиси менен эки тарапка тең катташат. 

№ 167, 186, 184 маршруттук таксилер жана  № 22 автобус ремонт учурунда Исанов жана Чүй көчөлөрү менен өтөт, кайра келатканда Чүй менен келип, Тоголок Молдого кайрылат. 

Турусбеков көчөсү менен № 176 маршруттук такси (түндүк-түштүк) жана № 150 маршруттук такси (түштүккө) жүрөт.