26.06.2018 12:14

Мэрия шаар тургундарын «NewBishkek» конкурсундагы мыкты долбоорлорго добуш берүүгө чакырат

Мэрия шаар тургундарын «NewBishkek» конкурсундагы мыкты долбоорлорго добуш берүүгө чакырат

Шаар тургундары калааны өнүктүрүүгө багытталган эң мыкты демилгелер үчүн добуш бере алат. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Шаарды өнүктүрүү агенттиги шаардын турмушуна активдүү катышууну каалаган тургундарды http://newbishkek.kg/ сайтына кирип, жактырган долбоор үчүн добуш берүүгө чакырат.

Ан үчүн Facebook, Instagram, Twitter, Google социалдык тармактарындагы аккаунттары аркылуу каттоодон өтүү керек. Добуш берүү үстүбүздөгү жылдын 8-июлуна дейре жүрөт.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында, эң көп добуш алган долбоорлор финалдык иш-чарага катышып, ал жактан 3 жеңүүчү аныкталат. 

Шаардык  долбоорлордун «NewBishkek» конкурсу Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги, Жаштарды өстүрүү институту жана «Финка Банк». ЖАК тарабынан уюштурулган.