06.05.2019 10:10

Москвадагы учак кырсыгынан кырк бир адам каза тапты

Москвадагы учак кырсыгынан кырк бир адам каза тапты

Москвадагы учак кырсыгынан каза болгондордун саны 41ге жетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, учактагы жалпы 78 адамдын кырк бири каза болгон. Алардын бирөөсү экипаж кызматкери экендиги айтылууда.

Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова билдиргендей, аман калган 37 адамдын төртөө экипаж кызматкери. Жалпысынан 19 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, 6 жүргүнчү ооруканага жеткирилген, алардын үчөө оор абалда экени айтылат. 

Ал эми учактын командири Денис Евдокимовдун айтымында, кырсыкка учакка тийген чагылган себеп болгон.

«Жаңыдан абага көтөрүлгөндө учакка чагылган тийди. Мындан улам радио байланыш системасы жарактан чыкты. Эрежеге ылайык, дароо учакты авариялык башкарууга өттүк. Өрт жерге конгондон кийин чыкты. Эмнеге андай болгонун түшүнбөй турам. Анткени учакты катуу ылдамдыкта кондурган эмеспиз», - деп билдирген учкуч.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Мурманск облусунун губернаторунун милдетин убактылуу аткаруучу Андрей Чибис аймакта 3 күндүк аза күтүү жарыялады. Курман болгондордун үй-бүлөлөрү бийликтен 1 млн. рубль жардам алышат. Ал эми, ооруканага жеткирилген жабырлануучуларга 500 миң рублдан берилет. 

Эскерте кетсек, 5-май күнү Шереметьево аэропортунан Москва — Мурманск каттамы менен абага көтөрүлгөн SSJ-100 жүргүнчү ташыган учак  авариялык сигнал берип, кайра жерге конууга аргасыз болгон.