16.08.2018 09:30

Муфтият Курман айт намазынын программасын жарыялады

Муфтият Курман айт намазынын программасын жарыялады

КР Мусулмандар диний башкармалыгы Курман айт намазынын программасын жарыялады. Быйыл кыргызстандыктар Курман айтты 21-август күнү белгилешет.

Айт намаз эски аянтта окулуп, таңкы саат 06:30да башталат. Ал күнү аянтта дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат. 

Айт намаздын программасы төмөнкүчө:
06:30-07:15 — дин аалымдарынын баяндамалары;

07:15-07:35 — Азирети Муфтийдин орун басарынын куттуктоосу жана баяндамасы;

07:35-07:45 — өкмөттүн куттуктоосу;

07:45 — Айт намаз.

Кечээ өкмөт Курман айт майрамын белгилөөгө байланыштуу, 2018-жылдын дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Дем алыш күндү которуу жөнүндө» токтомун кабыл алды. Ага ылайык, өлкө жарандары 18,19,20,21-август күндөрү иштешпейт.