17.04.2018 16:40
МУКК: Бишкек шаарында «пранкер» колго түшүрүлдү
16-апрелде УКМК тарабынан 1984-жылы төрөлгөн Э.Д. аттуу кыргыз жараны кармалды. Ал өзүн президент аппаратынын жетекчиси катары тааныштырып, телефон аркылуу мамлекеттик жогорку кызматта отургандарга чалганы аныкталды.
Э.Д. үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде Ысык-Көл облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү корун башкаруу дирекциясынын жетекчисине чалган.
Бийлик өкүлдөрү менен телефондук сүйлөшүүдө Э.Д. аларды кызматтан алуу менен коркутуп, Ысык-Көлдү өнүктүрүү корун башкаруу дирекциясынын жетекчисинин мурдагы орун басарын кайра кызматка алууну буюрган.
Ал өз кезегинде аталган фонддон акча каражатын кымырып алуу фактысы боюнча шектелип жаткан.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: