20.03.2018 11:55

Нооруз күнү айрым көчөлөргө чектөө коюлат

Эртең  Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу  коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөөлөр коюлат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. 

Чүй проспектисинин Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү, Эркиндик бульварынын Панфилов, Орозбеков, Раззаков көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Ошондой эле Абдумомунов көчөсү Эркиндик бульварынан тартып Панфилов көчөсүнө чейин, Панфилов, Орозбеков, Раззаков көчөлөрү Абдумомунов көчөлөрүнөн тартып, Фрунзе көчөсүнө чейин жабылат.

Андан тышкары, транспорттук каражаттардын жана жарандардын көбөйүшүнө жараша Киев, Фрунзе, Иманалиев көчөлөрүндө автоунаалар үчүн убактылуу чектөөлөр коюлат.