04.03.2019 14:08
Ош облусунда эки унаа кагышып, жүргүнчүлөрдүн бири каза болду

Ош—Кара-Суу унаа жолунун 11-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1967-жылы туулган айдоочу «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып «БМВ» унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен «Дэу Тиконун» айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү, «БМВнын» айдоочусу ооруканага жеткирилген. Бирок, жүргүнчүлөрдүн бири өзүнө келбей каза болду.
Аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: