20.06.2018 10:42
Ош шаарында тамтуң баскан бөбөк каналдагы сууга агып, каза тапты
Ош шаарынын «Достук» кичирайонунда 2017-жылы туулган И.Б.У. агып жаткан каналдагы сууга түшүп кетип каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
2018-жылдын 19-июнь күнү саат 19:19да ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматына №47-көчөнүн 46-үйдүн жанындагы агып жаткан каналга кичине бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келген.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар суудан баланы издөө иш-чараларын өткөрүп, жыйынтыгында анын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: