11.05.2018 09:57

Оштун бир аймагында 10-11-майда газ берүү токтотулат

Оштун бир аймагында 10-11-майда газ берүү токтотулат

Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө 10-11-май күндөрү табигый газ өчүрүлөт. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, түтүктөн газ чыгып кетип жатканына байланыштуу, аталган көчөдө газ берүү токтотулуп,  оңдоо иштери жүргүзүлөт.