18.10.2018 09:00
Пакистанда жаш балдарды аёосуз өлтүрүп келген киши дарга асылды

Пакистанда жасаган кылмыштары чоң коомдук резонанс жараткан киши өлтүргүчкө карата чыгарылган өлүм жазасы ишке ашырылды. Бул тууралуу кечээ, 17-октябрда Geo TV жазып чыкты.
Сериялык маньяк Имран Али жаш балдарга карата бери дегенде эле 21 кылмыш эпизодуна катыштыгы бар болчу. Айрым учурларда жабырлануучулар курман болушкан.
Анын акыркы жолкусунда 7 жаштагы кызды өлтүрүшү коомдо өзгөчө резонанс жаратты. Зөөкүрдү ДНК анализдин арты менен колго түшүрүүгө мүмкүн болду. Кылмышкер борбордук Лахор түрмөсүндө жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 5:30да дарга асылды.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Май 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
Выбранная дата: