#REакция 2.0: Сөз эркиндигин колдоо максатында митинг өтөт
Борбор калаада сөз эркиндигин колдоо максатында #REакция 2.0 митинги өтөт. Бул тууралуу соцтармактарда жарыяланууда.
Акция Ала-Тоо аянтында 18-декабрда саат 11 жарымда башталат.
Тынчтык акциясынын өтүшүнө бир тууган Матраимовдордун ЖМКларга карата доо-арызы себеп болду. Жалпы доо суммасы-60 миллион сом.
Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган.
Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: