19.09.2018 08:30

Россияда полиция кызматкерине кол салган эки кыргыз жаранына кылмыш иши козголду

Россияда полиция кызматкерине кол салган эки кыргыз жаранына кылмыш иши козголду

Россиянын Малоярославец шаарында  полиция кызматкерин сабаган кыргыз жарандарына карата РФнын Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул туурасында April.kg порталына Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Эскерте кетсек, 16-сентябрга караган түнү эки кыргыз жараны Россиянын Малоярославец шаарында унаасынын фарасын күйгүзбөй кетип бара жатышкандыктан, инспекторлор тарабынан токтотулган. Инспектор документтерин сураган кезде айдоочу аларды үйүндө унутуп калганын айткан.

Анда инспектор аларды үйүнө чейин узатып, документтерди ошол жерден текшерүүнү чечкен. Бирок көп кабаттуу үйдүн подъезине киргенде, кармалган 2 жаран инспекторду сабап, колунан тиштеп алышкан. 

«Жарандардын бири - 21 жаштагы Д.Б. экинчиси - 22 жаштагы М. уулу Б. экени такталды. Аларга карата кылмыш иши козголгондуктан, элчилик ишти өз көзөмөлүнө алды», -деп билдирди Байымбетова.