18.09.2018 12:51

Россияда 2 кыргыз жараны кармалды. Алар полиция кызматкерин сабап, колун тиштеп алышкан

Россияда 2 кыргыз жараны кармалды. Алар полиция кызматкерин сабап, колун тиштеп алышкан

Россиянын Малоярославец шаарында 16-сентябрга караган түнү полиция кызматкерлерине күч колдонгон деген шек менен 2 кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында орусиялык ЖМКлар билдирди. 

Кыргыз жарандары кечке маал унаасынын фарасын күйгүзбөй кетип бара жатышкандыктан, инспекторлор тарабынан токтотулган.

«Инспектор документтерин сураган кезде айдоочу аларды үйүндө унутуп калганын айткан. Анда инспектор аларды үйүнө чейин узатып, документтерди ошол жерден текшерүүнү чечкен. Бирок көп кабаттуу үйдүн подъезине киргенде, кармалган 2 жаран инспекторду сабап, колунан тиштеп алышкан. Буга карабастан алар качып кете алган эмес», - деп жазылат маалыматта.

Кармалган 2 жаран Малоярославец шаарында суши, роллы жасап иштешкен. Укук коргоо органынын кызматкерине кол салгандыгы үчүн жарандарга 200 миң рубль айып салынышы же болбосо 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги жазылат.

April.kg порталы бул окуя тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кайрылганда, алар бул маалыматты тактап жатышканын билдиришти.