Кыргыз-түрк ооруканасынын жанында митинг. Бишкектиктер ал жактагы обсервацияга каршы

Кыргыз-түрк ооруканасынын жанында митинг. Бишкектиктер ал жактагы обсервацияга каршы

Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк ооруканасынын алдында митинг орун алды. Тургундар бейтапканага коронавирус менен ооругандарды кабыл алууга каршы болушууда. Нааразычылыкка чыккандардын тасмасы Сейчас.kg. Telegram-каналына жүктөлдү.

Чогулгандар жарандардын коопсуздугуна эч кандай кепилдик жок экенин айтышууда.

«Райондо Ош базары, №1 үй-бүлөлүк борбор жана жатакалар болуп калк жыш жайгашкандыктан вирус тез жайылып кетиши мүмкүн деп коркуп жатканын билдиришти», — дешет нааразычылыкка чыккандар.

Белгилей кетсек, кече эле саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев калаадагы жугуштуу оорулар ооруканасы убактылуу бейтаптарды кабыл албай турганын айткан. Бейтаптарды кабыл алууга кыргыз-түрк ооруканасы даяр экенин белгилеген.