16.11.2018 13:39

Россиянын Кемерово облусундагы жол кырсыгында каза тапкан адамдардын жарандыгы такталды

Россиянын Кемерово облусундагы жол кырсыгында каза тапкан адамдардын жарандыгы такталды

Россиянын Кемерово облусундагы кыргызстандык номерлүү унаа катышкан жол кырсыгы боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

Новосибирск шаарындагы КР вице-консулдугунун маалыматына караганда, тасмадагы жол кырсыгы кечээ, 15-ноябрда саат 15:29да Россиянын Кемерово облусунун Ленинск-Кузнецкий унаа жолунда катталган. 

Кесепетинде эки адам каза болгон. Экөө тең -Россия жарандары.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактар жана Whats app мессенджери аркылуу Россияда кыргызстандык номерлүү унаа жол кырсыгына кабылганы тартылган тасма тараган. Тасманын авторлору каза тапкандардын туугандарын табууга көмөктөшүүнү суранган. 

«Toyota Crown» үлгүсүндөгү күмүш түстүү унаада Кыргызстандын Баткен облусуна таандык 03 KG 409 MRA номери илинген. Мындан улам, ичиндеги жарандар да кыргыздар деген божомол пайда болгон.