16.11.2018 08:00

Россияда кыргызстандык унаа жол кырсыгына кабылып, 2 адам каза тапты

Россияда кыргызстандык унаа  жол кырсыгына кабылып, 2 адам каза тапты

Россиянын Кемерово облусунда кыргызстандык номерлүү унаада 2 жаран жол кырсыгынан каза тапты. Тиешелүү тасма социалдык тармактар жана Whats app мессенджери аркылуу өлкө ичинде тароодо. 

Тасмада кырсыктын кайсы күнү болгону айтылбайт. Болгону, окуя Ленинск-Кузнецкий шаары менен Промышленный шаарчасынын ортосунда жүз бергени маалым. 

Тасмадан «Toyota Crown» үлгүсүндөгү күмүш түстүү унаада Кыргызстандын Баткен облусуна таандык 03 KG 409 MRA номери илингенин көрүүгө болот. Унаа башка машина менен кагышкан. Ичиндеги эки адам — 25-35 жаштардагы жигит жана бир аял жеринде мүрт кеткен.

Жол кырсыгынын автору каза тапкандардын туугандарын жана жакындарын табыш үчүн тасманы кыргыз жарандары арасында таратып коюуну суранган. 

 
АБАЙЛАҢЫЗДАР! СЕЗИМТАЛ АДАМДАРГА ВИДЕОНУ КӨРҮҮГӨ БОЛБОЙТ! 
APRIL.KG видеону көрүп, каза болгондорду таанып алгандар табылат деген максат менен тасманы коюуда. Көрүү үчүн чымчыкчаны басыңыз.