Рязанда жол кырсыгына кабылгандардын төртөө-оор абалда
Рязань облусунда жол кырсыгына кабылып, жаракат алган кыргызстандыктардан кабар алуу максатында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жана Москвадагы КР ИИМ өкүлдөрү ооруканага барышты. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Өкүлдөр облустук клиникалык ооруканадан реанимациялык бөлүмдүн нөөмөттөгү дарыгери жана жабыркагандар менен жолугушту. 4 кыргыз жараны оор абалда ар кандай сыныктар менен жеткирилгени аныкталды. Дагы 4 жаран орточо оордуктагы жаракаттар менен Шацк борбордук райондук ооруканасына жеткирилген. Абалдары канааттандыраарлык.
Рязань облусунун саламаттыкты сактоо министри Прилуцкий менен телефондук сүйлөшүү жүрүп, жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы тууралуу толук маалымат алынды. Ошондой эле, элчилик өкүлдөрү кыргыз жарандарын дарылоодо колдон келген аракетин аябоону суранды.
Аталган факт боюнча кылмыш иши ачылган. Элчилик абалды көзөмөлдөп тураарын билдирет.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: