02.04.2018 11:08

Рязанда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктардын абалы - оор

  Жол кырсыгы (1 материал)
Рязанда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктардын абалы - оор

Рязань облусунда 1-апрель күнү жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктардын абалы оор. Бул тууралуу  Россия ЖМКлары билдирет.

Кыргызстан жарандары Рязань облусундагы Москва – Челябинск унаа жолунун 377-чакырымында  жабыркашкан. Авариядан кийин 8 адам ооруканага жаткырылып, алардын үчөө оор абалда, бир жүргүнчүнүн колу жулунуп кеткен.  Кичи автобустун айдоочусу менен бардык жүргүнчүлөрү жаракат алышкан.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыкка Хонда кичи автобусунун айдоочусу рулду башкара албай, мамыны барып сүзгөнү себеп болгон.