Оренбург облусундагы кыргызстандыктардын жайгашуу маселеси чечилди
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, Россия Федерациясынын Оренбург облусунун администрациясы бул аймакта өзүн-өзү изоляциялоо режимин сактоо негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандарын Казакстан Республикасынын чек арасы ачылганга чейин Оренбург облусунун Бузулук районундагы балдар лагерине убактылуу жайгаштыруу чечимин чыгарды.
Оренбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу жана диаспора активисттери жарандарды аталган балдар лагерлерине жайгаштыруу максатында Соль-Илецк шаарынан Бузулук шаарына келишти.
Бузулук шаарынын жанында 70ке жакын кыргызстандык бар. Аларды балдар лагерлерине жайгаштыруу боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен иш жүргүзүлүп жатат.
Ошол эле учурда, кыргыз жарандарынын айрымдары балдар лагерлерине баруудан баш тартып, жерге чатырларды орнотууну талап кылып жатышкандыгы айтылат.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 7-майында Соль-Илецк шаарынан 541 жараныбыз казакстан тарабы түзүп берген бир жолку акциянын алкагында транзит коридордон өтүп, Кыргызстанга келишкен. Алардын баары медициналык байкоого алынган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: