Садыр Жапаров тарапташтарын митингге чыкпай эле коюууну өтүндү
Садыр Жапаров кайрылуусунда өзүнүн боштондугун талап кылып, митингге чыгуунун кажети жок экенин эскерткен. Ал 2-мартка белгиленип жаткан митингди башка нукка буруп кетүү максатында атайын алдын-ала чагымчылар даярдалганы тууралуу маалыматы бар экенин белгилеп, тарапкерлеринен митингге чыкпай эле коюуну өтүнгөн.
Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов Жапаровдун өз колу менен жазган катын өзүнүн Facebook-баракчасына жүктөдү.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.
2019-жылы саясатчынын ишин караган Жогорку сот аны он жылга кескен.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: