05.03.2020 13:40

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Саясатчынын агасы кайрылуу жасады

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Саясатчынын агасы кайрылуу жасады

Экс-депутат Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров кыргызстандыктарга видео-кайрылуу жасады. Ал митингге чыккандардын мыйзамсыз кадамдарын сындаган.

Өзүнүн билдирүүсүндө ал мындан ары массалык башаламандыкка жол бербөөгө чакырган. Ошондой эле ал учурда камакта отурган саясатчы биртууганынын кайрылуусун дагы кошумчалаган.

 «Урматтуу кыргыз эли, келгиле тынчтыкты сактап жана өз укугубузду мыйзамдуу жолдор менен коргойбуз. Мындан ары бизди үчүнчү күчтөр колдонуп кетишине жол бербешибиз керек. Мындай башаламандыктар өз өлкөбүздү жоготуп алууга өбөлгө түзүп коюушу ыктымал. Кудайга шүгүр сүйлөшүүлөр башталды.Келгиле, тынчтыкты сактайбыз!» - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, күн мурун, 2-мартта Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында саат 11:00дөн бери экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушкан.

Митингге чыккандар бийликке үч талап коюшкан:

  1. Саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу;
  2. Кумтөр көйгөйлөрүн чечүү;
  3. Коронавирустан коргонуу үчүн чек араларды жабуу.

Саат 18:00дөр чамасында митингчилер ак үйдү көздөй бет алышып, бирок милиция кызматкерлери аларга карата суу бүркүгүч, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, жарандарды борбор аянттан сүрүп чыгышкан.