02.03.2020 11:35
Садыр Жапаровдун тарапташтырынын митинги. Ала-Тоо аянтынан түз алып көрсөтүү
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында саат 11:00дөн тартып экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогула башташты. Митингден башталышы болсо саат 13:00гө белгиленген.
Чогулгандар камакта отурган саясатчыны бошотуу талабын коюшууда.
Өз кезегинде Садыр Жапаров тарапташтарына кайрылып, каршылык акциясына чыкпоого үндөдү. Себебин болжолдуу чагымчылар менен түшүндүргөн.
Ал ортодо ички иштер министрлиги дагы билдирүү таратып, тартип бузгандарга катаал чаралар колдонулаарын эскертти.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Каракол шаарында митинг уюштуруп, ал убактагы экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталып, 2018-жылы 11 жыл 6 айга кесилип кеткен.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: