08.10.2019 10:49

Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1,2 миллион сом бөлүнөт

Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1,2 миллион сом бөлүнөт

Саламаттык сактоо министрлигине Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна байланыштуу чыгымдарды төлөөгө 1 миллион 298 миң 520 сом бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин өкмөт башчынын резервдик фондунан Чүй ОИИББнын башчысынын дарылануусуна деп Саламаттык сактоо министрлигине 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүнүп берилген.

Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылында өткөн атайын операция учурунда оор жаракат алган. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Кийин дарылоону улантуу үчүн аны Москвага жеткиришкен. 4-сентябрда Курманкулов өзүнө келгени маалымдалган. 12-сентябрда Курманкулов Москвадагы Николай Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунан калыбына келтирүүчү борборго  жеткирилген.