28.08.2019 18:20

Кой-Таш операциясында оор жаракат алган Самат Курманкуловдун учурдагы абалы айтылды

Кой-Таш операциясында оор жаракат алган Самат Курманкуловдун учурдагы абалы айтылды

Чүй облустук ИИББ начальниги Самат Курманкулов өзүнө келе элек, бирок абалы жакшырууда. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Облустук милициянын башчысы Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунда дарыланып жатат.

«Дарыгерлердин билдирүүсү боюнча, Курманкуловдун абалында жакшы жакка жылыш бар. Өз алдынча дем алуусу жана неврологиялык белгилери (сырткы нерселерге реакция жасоо) калыбына келе баштады. Дарылануусун тиешелүү тартипте улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылында өткөн атайын операция учурунда оор жаракат алган. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Кийин дарылоону улантуу үчүн аны Москвага жеткиришкен.