28.03.2018 10:08

Шаардыктар Бишкектеги соода борборлоруна чакырык ташташты.

Шаардыктар Бишкектеги соода борборлоруна чакырык ташташты.

Шаардыктар Бишкектеги соода борборлоруна чакырык ташташты.  Мындай мазмундагы билдирүүлөр Whatsapp каналы аркылуу таратылып жатат. Калаа тургундары 31-март күнү Бишкектеги соода борборлоруна  барбоого үндөшүүдө.  

«Биз соода борборлордун жетекчилери имараттарында өрт коопсуздугу камсыздалганын  кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө көрсөтүп берүүсүн талап кылабыз. ЖМК жана коомчулук өкүлдөрүнүн  катышуусунда  эвакуация өткөрүп, өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын далилдешсин. Чакырык ташталды! 31-мартта “Зимняя вишня” соода борборунда каза тапкандардын элеси үчүн соода борборлорго бойкот жарыялагыла! Күч- биримдикте!» – деп жазылат билдирүүдө.

Мындай акцияны өткөрүү менен соода борборлорунун жетекчилигине адам өмүрүнүн  баалуулугун эскертүүнү каалашат.

Эскерте кетсек, 25-мартта Россияда соода борбору өрттөнүп, кырсыктан 64 адам каза тапкан. Алардын 41 жаш балдар экени айтылат.