06.06.2018 09:17

Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи жайгашкан Маданият үйү августта ачылат

Шекер айылындагы  Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи жайгашкан Маданият үйү августта ачылат

Таластын Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи жайгашкан Маданият үйүнүн ачылышы үстүбүздөгү жылдын август айына пландаштырылган. Буга чейин Маданият үйүн оңдоо иштерине  5 млн сом бөлүнгөн болчу. Учурда оңдоо иштеринин 60% бүтүрүлдү. Бул туурасында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын  Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнүн жүрүшү менен таанышуу үчүн Талас облусуна болгон сапары учурунда белгилүү болду. 

Мындан тышкары 743 окуучуга эсептелген Т.Айтматов атындагы орто мектепти капиталдык оңдоого 5 млн сом бөлүнгөн. Бул объекттеги бардык курулуш иштери окуу жылынын башталышына бүткөрүлөт.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, улуу жазуучунун кыргыз эли үчүн маанилүү ордун эске алуу менен юбилейлик иш-чаралар эң жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлүшү керек.

Маданият үйү жана мектеп менен тааныштырылган соң Алтынай Өмүрбекова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин айрым мүчөлөрү менен биргеликте «Чыңгыз-Ордо» маданий комплекси курулчу Шекер айылына багыт алышты.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү комплекстин жакшыртылган концепциясын түзүү сынагында жеңишке ээ болгон долбоорду талкуулашып, Талас шаарынын борбордук аянтында жакында ачылышы пландаштырылып жаткан Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин абалы менен таанышты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жергиликтүү бийлик органдарына эстеликке тийиштүү аймакты ыкчам түрдө көрктөндүрүү тапшырмасын берди.