26.10.2018 12:33

Шектүүнүн карындашы: Аткаминердин өлүмү боюнча табылган күбөнү тергөөчүлөр укпай жатышат

Шектүүнүн карындашы: Аткаминердин өлүмү боюнча табылган күбөнү тергөөчүлөр укпай жатышат

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин иши боюнча табылган күбөнү суракка албай жатат. Бул тууралуу аткаминерди сабап өлтүргөн деген шек менен кармалган жигиттин карындашы социалдык тармактарда жазып чыкты.

«Октябрь РИИБине М.Жакыпбаевдин иши – 21-октябрда болгон жол кырсыгынын күбөсү кайрылыптыр. Тергөө анын айтканын эсепке албай жатат. Эмне үчүн мындай кылып жатасыздар?», -деп жазат Элита Каниметова. 

Эскерте кетсек, ушул жылдын 21-октябрь күнү Бишкекте «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев каза тапкан. Алгач чиновник унаасын сүзүп алган айдоочу менен жакалашып жатып, жыгылып кетип, башы менен бордюрга тийип каза тапты деп айтылган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, аткаминердин унаасын сүзүп алган айдоочу менен анын досу камакка алынган.

Кийинчерээк маркумдун уулу Азирет Жакыпбаев шектүүлөр мас абалында атасын сабап өлтүрүп коюп, эми жазадан качууга аракет кылып жатышканын билдирип, окуяны көргөн-билгендер болсо, байланышуусун суранган.

Мындан кийин, аткаминердин өлүмүнө шектелип  жаткан айдоочунун карындашы Элита Каниметова агасы Жакыпбаевге кол көтөрбөгөнүн айтып, ал дагы окуянын күбөлөрүнө издөө салган.