22.10.2018 08:30

«Кыргызаэронавигация» ишканасынын башкы директорунун орун басары каза тапты

«Кыргызаэронавигация» ишканасынын башкы директорунун орун басары каза тапты

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары  Маматназар Жакыпбаев каза тапты. Бул тууралуу журналисттерге мекемеден билдиришти. 

Окуя кечээ, 21-октябрда Бишкекте саат 20:00 чамаларында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүндө орун алган. 

Super.kg порталынын маалыматына караганда, Маматназар Жакыпбаев унаа айдап баратып, башка унаа менен сүзүшкөн. Мындан улам, эки унаа ээлеринин ортосунда  уруш чыккан. Ага берки унаанын жүргүнчүсү да кошулган. 

Ортодогу жакалашуудан улам чиновник жыгылып түшүп, башы жолдун чекесиндеги бордюрга тийген. Жакыпбаев алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза тапкан.  

Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы кабарланат.