02.08.2018 16:26

Социалдык кызматкерлер бир туугандарды бири-биринен ажыратып салды

Сокулук районунда асырап алынган балдарга байланыштуу чатак чыкты. Жарым жыл мурда өспүрүм кыз Элла Цейердин инисин башка үй-бүлө багып алган. Эми атайын Россиядан келген туугандары Элланы жана анын төрт жашар инисин камкордугуна алууну көздөөдө. Бирок, кичинекей баланын жаңы ата-энеси асырап алган бөбөктү берүүдөн баш тартышууда.