Тынч океандагы таштанды тагынын аянты эң чоң өлчөмгө жетти
Тынч океандагы таштанды тагынын аянты Франциянын, Германиянын жана Испаниянын аянттарын кошкондон да чоң көлөмгө жетти. Тактап айтканда, 1.6 млн чарчы чакырымды түздү. Бул мурун болжолдонгондон бир топко көп. Таштандынын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө, деп жазылат Ocean Cleanup Foundation долбоорунун нидерланддык окумуштууларынын изилдөөлөрүндө.
«Биздин эсептөөлөргө караганда, Тынч океандагы таштандынын көлөмү 80 миң тоннага жакын»,- деп билдирди долбоордун жетекчиси Лоран Лебретон AFP агенттигине берген маегинде.
80 000 тонна - бул пластиктин 1,3 трлн бирдиги. Алар бөтөлкөлөр, контейнерлер, жел баштыктар, балык уулоочу торлор жана башкалар. Мурунку эсептөөлөрдө бул көрсөткүч 16 эсе аз болчу. Бүгүнкү күндө 500 даана “Боинг” учагынын салмагы канча болсо, таштанды да дал ошончо салмакка жетти.
Бул ири таштанды жайда эң чоң коркунучту жараткан - пластиктин майда бөлүкчөлөрү (диаметри 5 см аз). Болгон таштандынын көп бөлүгүн дал ушулар түзөт. Чоңураак таштандыларды тор же трал менен кармап чыгууга мүмкүн болсо, майда бөлүкчөлөрдү балыктар же башка деңиз жаныбарлары жутуп алып, андан ары алар тамак-аш чынжырына туш болот.
“Ошондой эле, деңиз биосферасына балык уулоочу торлордун калдыктары чоң зыян келтирүүдө”, -деп кошумчалайт изилдөөчү. Торлордун айрындыларына балыктар жана орточо көлөмдөгү таш бакалар тыгылып калып, тумчугушууда.
Стандартка тууралоо эл аралык уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдө 2015-жылы 322 млн тонна пластик чыгарылган. The Ocean Cleanup эсептеп чыккандай, жыл сайын океандарга 8 млн тонна пластик ыргытылат. Бул таштандынын баары көбүнчө 5 жерде топтолот – “деңиз таштанды жайында”. Бирок, булар болгону пластик айсбергинин суу үстүндөгү гана бөлүгү, суу алдындагы таштандылардын көлөмү азыркыга дейре белгисиз.
“Биз адатта бир-эки күнөөлүүнү таап коюу менен чектелебиз. Ал адатта балык уулоочулар же пластик бөтөлкө өндүрүүчү ишкана. Бирок, аны менен катар эле балык жегенди, же бөтөлкөгө куюлган сууну сатып алганды улантып жатабыз. Бул тигил же бул өндүрүш жаатынын көйгөйү эмес, бул- биздин жашоо образыбыздын, бүтүндөй адамзатынын жашоо образынын көйгөйү. Азыр биз бир колдонмо пластиктин коомуна айландык: колдондуң, ыргыттың – болду. Биз өзүбүздүн пластикке болгон мамилебизди глобалдык деңгээлде өзгөртүшүбүз керек, бул багытта олуттуу чаралар көрүлүшү зарыл» - деп кайгырат Лебретон.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: