10.03.2020 10:04
УКМК: Бишкекте жасалма АКШ долларын иштеткен киши колго түшүрүлдү
Бишкекте ири суммадагы жасалма акчаны сатууга аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу 10-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынан 15 миң доллары өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган 1955-жылы туулган А.М. атту жаран колго түшүрүлдү.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо” беренесинин негизинде катталды.
Кармалган адам УКМКнын Тергөө абагына киргизилди.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: