УКМК Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулганын расмий жарыялады
Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулганын УКМК расмий жарыялады. Бул туурасында билдирүүнү бүгүн аталган кызматтын басма-сөз борбору таратты.
Маалыматта: «2018 жылдын 18-июнунда мындан 8 жыл мурун ИИМдин мурунку башчысы М.Конгантиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-пункту жана 316-берененин 1-пункту боюнча козголгон кылмыш иши Конгантиевдин аракеттеринде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу токтотулду»- деп жазылат.
Маалыматта, бул чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн Башкы прокуратура текшерип чыкканы айтылат.
«М.Конгантиев 6-7-апрель күндөрү Талас облусунда болгондуктан, 2010-жылдын 7-апрель күнү Өкмөт үйүнүн алдында болгон каргашалуу окуяларга тиешеси болгон эмес жана бул окуянын жүрүшүнө таасир эте алмак эмес», -деп билдирет УКМК.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: