07.08.2018 22:29

Жарандык активисттер Бишкек шаарынын жаңы мэрин шайлоо учурунда митинг уюштурууну көздөшүүдө

Жарандык активисттер Бишкек шаарынын жаңы мэрин шайлоо учурунда митинг уюштурууну көздөшүүдө

Жарандык активисттер Бишкек шаарынын жаңы мэрин шайлоо учурунда митинг уюштурууну көздөп жатышат. Бул туурасында активисттердин сөзүнө  таянып, Knews.kg жазып чыкты.  

Маалыматка караганда, митинг эртең мененки саат 9да мэриянын имаратынын алдында өтөт. 

«Биз бул тууралуу эрте айтпаганыбыздын себеби, дискуссия өткөрүп, тегерек столго чогулуп жатканбыз. Бирок, мэрликке талапкер Азиз Суракматов биздин иш-чарага келбей койду, аны менен шаардыктардын ою менен эсептешпей турганын далилдеди. Биз анын шайланышына тоскоол боло албасак да, ага каршы экенибизди жеткирүү үчүн мындай чарага барууга аргасызбыз», — деп билдирет активисттердин бири Адиль Турдукулов.

Алар шаардык кеңештин таратылышын жана шаар мэрлигине тике шайлоо өткөрүүнү талап кылуу ниетинде. 

«Шаардык кеңеш Албек Ибраимов менен кошо шаардагы абал үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, тарап кетиши керек. Ошондой эле, биз «Шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилип, республикалык маанидеги шаарлар  — Бишкек менен Оштун мэрлерин шайлоо эл тарабынан өтүшүн талап кылабыз. Бизде Борис Силаевди мэр кылып эл шайлаган мисал бар. Кандай кемчиликтери айтылса да, ал анча жаман мэр болгон жок. Шаар тургундары тандаган мэр Ак үйдөгүлөрдүн алдында эмес, өз шайлоочуларынын алдында жооп берет. Бул дагы көзөмөлдүн өзүнчө түрү, анткени, кийинки шайлоодо жаман иштеген мэрди тандабай коюшат», — деп түшүндүрөт активист.

Анын пикиринде, бийлик шаар башчысын түз шайлоого кызыкдар эмес, анткени, эл шайлаган жетекчи салмактуу жана  бийликке көз карандысыз болот. 

«Суракматовдун мисалында биз мэрди ким жылдырып жатканын көрүп жатабыз. Премьер-министр мэрликке талапкер көрсөтө алуу укугунан колдонгон жок, шаар кеңеш депутаттары өз партиялаштарын көрсөтүшпөдү. Шаардык кеңеште шаардыктардын кызыкчылыгын эмес, өз бизнесинин камын ойлогон көз каранды адамдар отурушат», — деп баса белгиледи Турдукулов.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев шаардык кеңештин бир депутатынын добушунун баасы бир жылкыга чыкканын, мындай көрүнүштү токтотуш керектигин айтып, маек курган эле.