07.08.2018 17:03

Акылбек Сариев: Мыйзамда мэрге талапкерлер экиден кем болбосун деген талап жок

Акылбек Сариев: Мыйзамда мэрге талапкерлер экиден кем болбосун деген талап жок

Шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын тандоо вазыйпасын жергиликтүү кеңештин депутаттарына берүү - элди тандоо укугунан ажыратуу. Мындай ойду карманган жарандардын саны көп. Алардын катарына кошулган Жогорку Кеңеш депутаттары мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Ача пикир жараткан тандоо боюнча «Апрель» телеканалынын түз эфириндеги «Жаңылыктар кечинде» Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев менен маек жүрдү.  

- Саламатсызбы! Айтсаңыз, буга чейин шаар мэрин эл шайлачу эле, анан бул укук шаардык кеңеш депутаттарына берилди. Кайра эми эл шайлагандай кылуу керек деп чыгышты. Мунун себеби эмнеде?

- Тилекке каршы, биздин мамлекет көп нерсени жаңыдан үйрөнүп келатабыз. Андыктан, жакшы жагын тандап ала албай жатат окшойбуз. Бишкек шаарынын мэрин эл шайлаган учур тарыхта бир ирет болгон. Анда Борис Силаев утуп чыгып, төрт жыл мэрлик кызматты аркалаган. Кийин бул тикелей шайлоо жокко чыгарылып, мэрди депутаттар шайлап калды. Депутаттарга ушундай мүмкүнчүлүк берилгенден кийин, элдин купулуна толо турган татыктуу башчыларды шайлашса, балким, бул маселе көтөрүлбөйт болчу. Алар кызыкчылыкка алдырып, өз добуштарын  сатып жаткан үчүн жана  аларды сатып алуу жеңил болуп калган үчүн бүгүнкү маселе келип чыкты. 

- Мэрди эл шайлашы керек деген демилгеге сиз кандай карайсыз?

- Эл шайлаш үчүн элдин көп катмары ошол саясий көз карашка кызыкдар болуш керек. Ошондо гана элдин өзүнө түз шайлоону берсе болот. Бүгүнкү күнү элге шайлоо укугун берип койсо, баягы эле аз сандагы кызыкдар тараптар чуркайт да, Жогорку Кеңештин, президенттин шайлоосу кандай өтүп жатса, ошол эле тартипте өтө берет. Шайлоо бүткөндөн кийин баары унутуп калат. Шайланган мэр көз карандысыз болуп калат, ал көз карандысыз болуп калганда көбүрөөк өзүм билемдикке барып калышы да мүмкүн. Бир эсептен бул коркунучту эч ким жокко чыгара албайт. Менимче, тандоо тарабын караш керек. Эл талапкерди тандап алып, көрсөтмө берип, анан депутаттар шайлап койсо, жоопкерчилик сезилет.

- Сиздин оюңузча, мэрди эл шайласын деген  демилге өтүшү мүмкүнбү?

- Мүмкүн эмес. Биринчиден, азыр мыйзам долбоорун карай турган Жогорку Кеңеш эмгек өргүүсүндө. Экинчиден, бул демилге 2016-жылы көтөрүлгөн экен. Эки жылдан бери Жогорку Кеңештин өзүнөн  колдоо таппай жатат. Мыйзам долбоорунда да түшүнүксүз жактар бар. Демилгечи айыл өкмөт башчыларын гана тикелей шайлоо демилгесин көтөрүптүр, мэрди шайлоону болсо депутаттарга калтырып койгон. Бул эмне деген көз караш мен түшүнгөн жокмун. Өзү да түшүндүрбөптүр. Дагы эле баягы «партиялык кызыкчылыкка тийген эмес» деген тыянакка келдим. Бул жерде бирдей мамиле болбой атат. Мэр менен айыл өкмөт башчысы бирдей укукка ээ, бирдей аймактын жетекчиси болуп эсептелет. Аты гана эки башка, бирөө шаардын чоңу, бирөө айыл аймагынын чоңу. Андыктан, мынтип бөлгөндүн өзү туура эмес. Айыл өкмөт башчысын шайлоо кандай тартипте жүрсө, мэрди шайлоо да ошондой тартипте жүрүшү керек. 

- Менин түшүнгөнүм боюнча, сиз азыркы системаны колдойсуз?

- Азыр эл бир депутаттын добушу бир жылкыга чыкты деп айтып жүрүшөт. Башталганда бир козудан башталган. Бул тартип менен кете берсе, бара-бара балким, бир машинага өтүп кетиши мүмкүн. Муну да токтотуш керек. Депутаттар шайлоо учурунда өзүнө пайда келерин билип алышты. Андыктан, башкача тартип киргизбесе болбойт. 

- Эки күндөн кийин жаңы мэр шайланышы керек. Жалгыз Суракматовдун талапкерлиги сунушталып жатат. Көпчүлүк муну шайлоо эмес, дайындоо катары сыпаттап жатышат. Сиз кандай ойлойсуз?

- Мыйзамда талапкер экиден кем болбош керек деген талап жок. Андыктан, бүгүнкү күндө мыйзамдын талабы аткарылып жатат. Башка маселе, мыйзам ошондой жазылып калган. Мыйзам жазылгандан кийин, баарыбыз аткарууга милдеттүүбүз. 

-Саясий тараптан алып караганда кандай баа бересиз?

- Акыркы мыйзам киргенге чейин президенттин жарлыгы менен альтернативдүү жол менен жетекчи шайланчу, тилекке каршы, ошол эле депутаттар бул мыйзамды кабыл алып жатканда, ал альтернативдүү жол менен шайлоону алып ташташкан. Ошол себептен, азыр мыйзам бузулуп жатат деп айта албайбыз.

- Шаар мэрлерин эл шайлагандын тобокелчиликтери да болсо керек. Болсо, кандай коркунучтар бар?

- Тобокелчилик деп айтканга болбойт. Бүгүнкү күндө чындап эле жалпы эл колдоп, жарандардын саясий көз карашы, маданияты көтөрүлүп, тике шайлоого барабыз дешсе, буга техникалык жабдуулар да мүмкүнчүлүк берет. Менин оюмча, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлап жаткан убакта жетекчисин да кошо шайлаш керек. Эки шайлоо бир жүрүп, элдин да кызыкчылыгы канааттандырылат. Тарыхта  референдум менен шайлоо бир күнү өткөн тажрыйбабыз бар. Шаар жетекчисин өзүнчө, жергиликтүү кеңеш депутаттарын өзүнчө, бирок бир күнү шайласа болот. Ан үчүн мыйзамды тууралаш керек.  Жалпы элдин кызыкчылыгы болмоюн муну кийиргенге да болбойт. Анткени, баары бир жеке топтор өз кызыкчылыгын ишке ашырып кетет.

-Эл шайласа, бийликке коркунуч жаралат деген ойлор да айтылып атат. Буга кандай дейсиз?

- Туура, бийликке баш ийбеген талапкерлер да шайланып калышы мүмкүн. Андан коркпош керек. Бул учурда башка маселе келип чыгат. Бүгүнкү күндө ар бир аймактын өз бюджети ар кандай, дотациялык аймактар көп. Өзүн-өзү багып кете алчу аймактардын жетекчилери шайланганга кызыкдар болот, ал эми дотацияда отургандар көз каранды болуп калышы мүмкүн. Бирок,  жалпы тике шайлоо өткөрүүдөн коркпош керек. Эл өз укугун коргогонго даяр болуп, активдүүлүк көрсөтсө, мындай шайлоонун жыйынтыгы жакшы болот. Көңүл коюп шайлайбызбы, же акчага шайлайбызбы, маселе ушунда. Айыл өкмөт жетекчилери деле ушинтип шайланып калышы мүмкүн. Бул жеке өзүбүздөн көз каранды. Алгач өзүбүздүн саясий маданиятты көтөрүп, анан ушул жолго барсак туура болмок. Бүгүнкү күндө биздин көз караш ага туура келе албай атат. Себеби, азыр бийлик алмашуулар бат-бат болгондон баарыбыздын  көңүлүбүз башка жакка бурулуп кеткен. Бийлик маселесине көп көңүл бөлүнүп, элдин тагдыры ойлонулбай калды. 

- Кандай жол менен шайланса да, элдин көйгөйүн чече турган талапкер кызматка келсин деп туралы. Маегиңизге рахмат!