08.05.2020 16:53

Абактагыларды мөөнөтүнөн мурда бошото турчу мунапыс жөнүндө мыйзам күчүнө кирди

Абактагыларды мөөнөтүнөн мурда бошото турчу мунапыс жөнүндө мыйзам күчүнө кирди

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Ага ылайык, кылмыш үчүн эркинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан төмөндөгүлөр бошотулат:

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

  • 60 жаштан ашкан эркектер жана 55 жаштан ашкан аялдар;
  • I жана II топтогу майыптар;
  • жашы жете элек экиден кем эмес балдары же I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналгандар;
  • анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасагандар;
  • жалгыз бой энелер;
  • көп балалуу аялдар;
  • ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдар жана жашы жете электер.

Ошону менен бирге мыйзамда мунапыс колдонулбай турган кылмыштардын тизмеси бекитилди.

Мыйзамдын 2-беренесине ылайык 1997-жылдын 1-октябрындагы КР Кылмыш-жаза кодексинин, 2017-жылдын 2-февралындагы КР Жазык кодексинин, мунапыста көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча жазасын өтөп жатып качып кеткендер, эгер ушул мыйзамдын күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазаны өтөп жаткан жерге, камакта турган жерге же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келсе, кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан бошотулат.

Кабыл алынган мыйзамдын 7-беренесине ылайык, ушул мыйзам «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» КР мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген жактарга жана 7-беренесинде белгиленген кылмыштын түрлөрүнө карата колдонулбайт. Мыйзам, ушул мыйзамдын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, сот тарабынан эркиндигинен ажыратууга соттолгон, бирок издөөдө жүргөн адамдарга карата колдонулбайт.

Айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга коркунуч жараткан оорулар (кургак учук, жугуштуу оорулар, венерикалык оорулар) менен ооруган адамдарга мунапыс актысы зарыл дарылоо курсу аяктагандан кийин колдонулат.

Мындан тышкары, мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуунун субъектиси болуп жаза аткаруучу ыйгарым укуктуу органдан келип түшкөн материалдар боюнча же кылмыш иши боюнча — анын өндүрүшүндө турган судья (сот) саналат. Сот отурумунда мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуу тууралуу маселе каралганда прокурор милдеттүү түрдө катышат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 6 айдын ичинде аткарылууга тийиш.

Мыйзамдын авторлору 1200дөн ашык киши түрмөдөн чыгарын айтышкан.

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9 500 ашык соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. Улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде.