Кыргызстанда мунапыс жөнүндө мыйзам долбоорун парламент колдоду
Жогорку Кеңеш Экинчи дүйнөлүк согуштун 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата түрмөдө отургандарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына чыкты.
Документке президент кол коюп күчүнө кирсе түрмөдө отургандардын айрымдары жазадан бошотулат же жазасынын өтөлө элек бөлүгү кыскартылат.
Алар: 60тан ашкан эркектер жана 55 жаштан жогору курактагы аялдар, I жана II топтогу майыптар, экиден кем эмес майда балдары барлар, майып баласы бар үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болгон адамдар жана биринчи жолу анча оор эмес кылмыш кылып түрмөгө түшкөндөр.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Исхак Масалиев демилгелеген.
Мыйзамдын авторлору буга чейин абактагыларга мунапыс жарыялоо тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса 1200дөн ашык киши түрмөдөн чыгарын билдиришкен болчу.
Маалыматка караганда жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9 500 ашык соттолгон адам кармалууда. Алардын 300гө жакыны аялдар. Жаш курагы өтүп калгандардын саны 250нүн тегерегинде.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: