15.05.2020 16:48

“Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен 1500дөн ашык эне сыйланат

“Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен 1500дөн ашык эне сыйланат

Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Конституциянын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча жети же андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1014 аял “Баатыр эне” ордени, алты бала төрөгөн 519 аял “Эне даңкы” медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.