Коронавирус: 12 адам оор абалда жатат

Коронавирус: 12 адам оор абалда жатат

Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор. Алардын ичинен беш киши жандандыруу бөлүмүндө  жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 562 адам бейтапканаларда дарыланууда.

“Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен беш киши реанимацияда жатат. 80 адамдын абалы орточо оор, 470 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, – деди Үсөнбаев.

Бүгүнкү күнгө карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1748 кишиге жетти. Республика боюнча  жалпы 1170 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.