10.06.2020 21:05

Алмазбек Атамбаев камактан дагы төрт сап ыр жазды

Алмазбек Атамбаев камактан дагы төрт сап ыр жазды

Камактагы экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы төрт сап ыр жазды. Ал президент, парламент, өкмөт тууралуу.

Ырдын тексти:

Өкмөттүн аты болуп калды “түкүрүк”,
Парламентте толуп калды “чимкирик”.
Президенттин креслосунда “какырык”,
Кайран элим жүрөт эми кайгырып...

Атамбаев буга чейин дагы тарапташтарына, колдоочуларына дагы ыр саптарын арнаган.

Эскерте кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анын алкагында 14 кишиге айып тагылган. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылган.