Коронавирустан дагы 25 бейтап айыгып чыкты

Коронавирустан дагы 25 бейтап айыгып чыкты

Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 25 бейтапты түздү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Айыгып чыккандардын ичинен: 

•  Бишкек ш. – 15

•  Нарын облусу - 10

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1113 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бүгүн, 30-майга карата коронавирустун жаңы 60 учуру катталып, илдетине кабылгандардын саны 1722 кишиге жетти.