29-май: Дагы 68 адам коронавирус жугузду. Ичинен 47си Россиядан келгендер

29-май: Дагы 68 адам коронавирус жугузду. Ичинен 47си Россиядан келгендер

Бүгүн, 29-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 68 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, жаңы чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Россиядан келгендер.

  • Бишкек ш. – 9 + 26 Россиядан келген курсанттардан
  • Чуй облусу - 5
  • Ош ш. – 2
  • Баткен облусу - 1
  • Нарын облусу - 4
  • Россиядан келгендерден - 21 алардын ичинен 11 боюнда бар аялдар, 10 студент

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

  • Бишкек ш. – 3
  • Ош шаарында – 1

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында330 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.